Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бүгүн өлкө боюнча 10 мектеп, эки бала бакча ачылды

06.05.2024 18:19
126
Бүгүн өлкө боюнча 10 мектеп, эки бала бакча ачылды


Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Исхак Раззаков атындагы мектептин жаңы имаратын ачып, муну менен бирге өлкө боюнча дагы тогуз мектеп менен эки бала бакчанын ачылышына онлайн катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.


Ош шаарында жайгашкан окуу жайдын эски имараты 2015-жылы болгон жер титирөөдө жараксыз абалга кептелип, окуучулары И.В.Панфилов атындагы мектеп-гимназиясына көчүрүлгөн болчу. Жаңы имараттын курулушу ошол жылдары эле башталганы менен долбоор 2020-жылга чейин токтоп калган. Мектеп 720 окуучуга ылайыкташкан.


Жапаров өз сөзүндө республика аймагында ачылып жаткан мектептердин жагдайы дээрлик окшош экенин, кээсинин эскилиги жетсе, айрымдары жаратылыш кырсыгынан жабыркаганын белгиледи. Президенттин айтымында, көп жылдардан бери билим берүү имараттарынын эскилиги башкы көйгөй болуп келген.


"Мамлекет башчысы акыркы жылдары балдардын билим сапатын жакшыртуу үчүн билим уяларынын көйгөйүн чечүүгө батыл киришип, мектеп имараттарынын курулушу масштабдуу колго алынганын эске салды. Ал акыркы үч жылдын ичинде 315 мектеп жана 69 бала бакча салынганын айтып, жылдан жылга билим берүү тармагына каралган каражаттардын динамикасы өсүп жатканын кошумчалай кетти", — деп айтылат маалыматта.


Жапаров мектептерди куруп, капиталдык ремонттон өткөрүп, окутуунун жаңы технологиялары менен билим берүү уюмдарын жабдуу негизги максаттардын бири экенин айтып, жаңы мектептер курула берерин белгиледи.


Соңунда президент өлкөнү өнүктүрүүгө ийгиликтүү катышуу үчүн зарыл болгон заманбап билимге жана жөндөмгө ээ билимдүү адистерди даярдамайынча күчтүү мамлекетти куруу мүмкүн эместигин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн