Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 23:23
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Мигранттарды өлкөгө келе электе вирустан текшерүү сунушталды

28.05.2020 11:30
1468
Мигранттарды өлкөгө келе электе вирустан текшерүү сунушталды


Жогорку Кеңештин депутаттары кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттерден алып келүүнүн алдында коронавирус инфекциясына карата текшерип туруп, анан алып келүүнү сунуштады. 

 

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, учурда вирус сырттан келген жарандардан көп табылып жатат.


Мигранттарды алып келүүнүн алдында адегенде ошол мамлекетке экспресс-тесттерди жиберип, келе тургандардан анализ алып, ооругандарды өзүнчө, таза чыккандарды өзүнчө алып келишсе жакшы болмок. Себеби, алар келе жатканда учактан эле бири-бирине жуктуруп жатышат да. Башка көп өлкөлөрдө ушундай практиканы колдонушат”, - деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн