Аяк оона 12, 2025
Убакыт: 03:03
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.015
1.050

16-майда Садыр Жапаровдун Москвага иш сапары менен барышы күтүлүүдө

13.05.2022 09:45
993
16-майда Садыр Жапаровдун Москвага иш сапары менен барышы күтүлүүдө

16-майда Москва шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун өлкө башчыларынын саммити өтөт. Бул тууралуу Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.


"16-майда ЖККУнун 30 жылдыгына карата Москвада уюмга мүчө-мамлекеттердин саммити өтөт. Анда лидерлердин жолугушуусу дагы, жумушчу эртең мененки тамак форматындагы өзүнчө баарлашуусу дагы болот", - деди Песков.


ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусунда Украинадагы кырдаал да талкууланышы мүмкүн.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн