Кулжа 22, 2025
Убакыт: 02:44
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

2023-жылы кайсы ири долбоорлор ишке ашат?

24.11.2022 15:50
591
2023-жылы кайсы ири долбоорлор ишке ашат?

2023-жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, учурда долбоордун сметасын эсептөө уланууда.


"Буйруса 2023-жылы ири долбоорлордун бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат. Жазында долбоор даяр болсо, күзүндө башталат деген божомол бар.

Мындан сырткары, ири долбоор Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушу. Азыр Өзбекстан менен Казакстан курууга даяр экенин билдирип жатат. Бирок биз чет өлкөлүк компаниялар менен дагы сүйлөшүп жатабыз",- деди Жапаров.


Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков кошуна мамлекеттер менен мындай стратегиялык долбоорду куруу кийин келечек муундарга маселе жаратпагандай кылып чечүүнү сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн