Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 08:47
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

2023-жылы прокуратура органдарынын 6 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган

17.04.2024 16:19
114
2023-жылы прокуратура органдарынын 6 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган


2023-жылы прокуратура органдарынын 6 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин жыйынында депутаттарга отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда прокуратура органдарында мыйзам ченемдерин, мамлекет башчысы жана коом тарабынан коюлуп жаткан талаптарды жүзөгө ашыруу, коррупциялык көрүнүштөргө жол берген, мыйзамдарды бузган кызматкерлерден арылуу иштери күчөтүлүп, кызматтык тартипти камсыздоого тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

"Мунун негизинде 2023-жылы кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы жана прокуратура кызматкеринин кадыр-баркын кетирүүчү жосундарды жасагандыгы үчүн 501 кызматкерге тартиптик жаза берилип, 10 кызматкер кызматынан бошотулуп, 6 кызматкер кылмыш-жаза жоопкерчилине тартылды", - деди ал.

Ошондой эле ал кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен кынтыксыз аткарган 167 кызматкер ар кандай наамдарга татыктуу болгонун кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн