Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 11:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

9-сентябрда Кыргызстанда комуз күнү белгиленет

06.09.2023 09:05
2108
9-сентябрда Кыргызстанда комуз күнү белгиленет


9-сентябрда өлкөдө Комуз күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.


Бул жылы Комуз күнү күүчү Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат. Анын "Камбаркан", "Ибарат" өңдүү чыгармалары улуттук музыканын классикасына айланган.


"9-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Улуттук тарых музейи тарабынан көчмө көргөзмө уюштурулат. Андан соң Кинематография департаменти Карамолдо Орозов тууралуу даярдаган 10 мүнөттүк чакан тасма көрсөтүлөт. Мындан тышкары, салттуу музыка өнөрүнүн өкүлдөрүнүн, комузчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт коюлат", — деп айтылат мекеменин маалыматында.


Маданият министрлиги тарабынан бардык райондук маданият үйлөрүнө, кесиптик орто окуу жайларга, маданий мекемелерге бул күнгө карата иш-чараларды уюштуруу тапшырмасы берилген.


Айта кетсек, Комуз күнү Кыргызстанда 2019-жылдан бери салтанаттуу белгиленип келет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн