9-августта Америкадан Бишкек шаарына Кыргызстандын 25 жараны атайын каттам менен кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул жарандар АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу өлкөгө кайтарылды.
Депортация тартибине жараша мындай жарандарга АКШга кирүүгө 5, 10, 15 жылга же түбөлүккө тыюу салынуусу мүмкүн. Өлкөгө мыйзамсыз түрдө кайра кирүүгө аракет кылуу кылмыш жоопкерчилигине алып келиши ыктымал.
"Ушуга байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн кесепеттерге жол бербөө максатында АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарына өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле АКШга барууну пландап жаткан Кыргызстандын жарандарына бул жагдайларды эске алууга, миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого жана зарыл болгон учурда КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине өз убагында кайрылууга үндөйт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн