Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:49
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ачылган гүлдөр, гүлдөгөн өрүк - Бишкек жазы (фото)

Ачылган гүлдөр, гүлдөгөн өрүк - Бишкек жазы (фото)


Кытай мамлекетинин Ухань шаарында пайда болгон Covid-19 жаңы вирусу бүтүндөй дүйнөнүн үшүн алды. Үстүбүздөгү жылдын январь айынын башынан тартып Кытай эле эмес, дүйнө жүзү бул илдеттин оор кесепеттерин тартып келүүдө. Анын эпкини Кыргызстанга да тийип, эл ичиндеги абал ого бетер кооптонууну жаратып, дүрбөлөңгө түшкөндөр да жок эмес. 


Интернет, социалдык түйүндөрдө кат алышуу технологиясы өнүгүп жаткан бул заманда кандай гана маалымат булактарына баш бакпа, бардык жерде коронавирус тууралуу окуп жана маалымат алуудабыз. Кичине балдардан тартып чоң адамдардын, кары-картаңдарга чейин орток сүйлөшүүлөрү ушул темага айланып калгандай. Ушундай жагдайдан улам өлкөдө жаз кантип кирип келгенин да байкабай калдык окшойт.


Жарандардын көнүлүн башка темага буруу жана аз да болсо позитивдүү маанай тартуулоо максатында Бишкектеги жаздын көрүнүшүнөн сүрөттөр түрмөгүн сунуш кылабыз. 


Сүрөттө байкалгандай, Бишкекте азыр өрүктөр гүлдөп, гүлдөр ачылып калган маалы.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн