Бирдин айы 10, 2025
Убакыт: 00:42
USD
87.30
87.80
EUR
90.00
91.00
RUB
0.885
0.920

Ак-Өргөдө фельдшердик-акушердик пункт курулууда

06.05.2020 15:27
1080
Ак-Өргөдө фельдшердик-акушердик пункт курулууда


Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда фельдшердик-акушердик пункт курулууда. Бул тууралуу 6-майдагы брифингде борбор калаанын вице-мэри Уланбек Азыгалиев билдирди.


Анын айтымында медициналык мекеме тез жардам кызматын да камтыйт.


"Быйылкы жылы борбордун тургундарын жеткиликтүү медициналык тейлөө менен камсыз кылуу үчүн Бишкек мэриясынын жана Кыргызстандагы Катар кайрымдуулук уюмунун филиалы менен кызматташуусунун алкагында курулуп жаткан “Ак-Өргө” конушундагы фельдшердик-акушердик пункту пайдаланууга берүү пландалууда”, - деди Азыгалиев.


Ошондой эле, “Көк-Жар” конушунда да 2 кабаттуу үй-бүлөлүк медициналык борбор, жалпы аянты 2306 чарчы метр болгон жер төлөөсү менен 5 тез жардам автоунаасына ыңгайлаштырылып салынып жатканын айтты. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн