Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:19
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Айтылуу Борис Пастернактын Нобел сыйлыгы жана советтик зулум цензура

06.11.2023 17:41
2192
Айтылуу Борис Пастернактын Нобел сыйлыгы жана советтик зулум цензура


Эпиграф иретинде

Биз Алым [Токтомушев] менен Шербеттен [б.а. жубайы Шербет Келдибековадан] Ахматова менен Цветаеваны, Пастернак менен Осип Мандельштамды таанып билгенбиз. Кыргыз кыртышын жаңы сорттогу үрөн менен байытууну көздөгөн дыйканга окшоп, Алым кыргыз адабиятынын кыртышын Пастернак, Мандельштам, Цветаева, Ахматова, Рильке, Неруда өңдүү таланттардын таасирине тартып, ошолордун жазганындай ырлар менен байыткысы келген.

...Алым Пастернакты катуу кадырлап, катуу сүйгөн. Ал аны ыр жазган акындардын бардыгынан, балким Шербеттен да катуу сүйгөн.

Шайлообек Дүйшеев

Тээ 1958-жылы орустун чыгаан акыны Борис Пастернакка лирикалык чыгармалары жана тарыхый доор көркөм чагылдырылган романы үчүн адабият боюнча Нобел сыйлыгы ыйгарылган. Бирок акын ошол кездеги советтик тоталитардык режимдин кысымы астында бул сыйлыктан баш тартууга аргасыз болгон жана көп узабай дүйнө салган. Тарыхчынын блогу.

Адатта СССРдеги тоталитардык режимдин тырмагы Иосиф Сталин өлгөн соң бошоңдогондугу жөнүндө калыс айтылып келет. Бирок Никита Хрущев бийлеген жылдары жана андан кийин деле Советтер Биримдигинде далай айдыңдар идеологилык себептерден улам жазыксыз жерден куугунтукка учурай беришкен.

Ошондой бөөдө жерден запкы чеккен советтик орус айдыңдарынын бири – акын, жазуучу жана котормочу Борис Леонидович Пастернак (туулгандагы аты – Борис Исаакович Постернак; 29.01.1890 (10.2.1890), Маскөө, падышалык Орусия – 30.05.1960, Переделкино кыштагы, Кунцево району, Маскөө облусу, СССР) болгон.


Б.Пастернак, Вс. Мейерхолд жана А.Гладков. 1936-жыл.

Ата-теги

Болочоктогу акын украиналык (одессалык) чыгармачыл жөөт үй-бүлөсүндө туулган. Атасы – сүрөтчү Леонид Осипович (Исаак Иосифович) Пастернак (1862–1945) эле. Айрым эски документтерде анын ысымы Аврум Ицхок-Лейб Постернак деп берилген. Мыкты чыгармалары үчүн ага 1905-жылы Санкт-Петербург Көркөм өнөр академиясынын академиги наамы ыйгарылган.

Энеси – пианист Розалия Исидоровна Пастернак (никеге тура электеги тегаты – Кауфман, 1868–1939) айым эле.

1917-жылдагы Орусиядагы кош ыңкылаптан соң алар анча-мынча жылдай советтик Орусияда жашашкан. Ал эми 1921-жылы эрди-катын Пастернактар Лидия жана Жозефина деген кыздарын алып Германияга келишет. Леонид Пастернак немис жергесинде дарыланышы керек болгон. Бирок ошол бойдон алар Батышта калып калышкан.

Германиядагы нацисттер бийликке келгенден кийин оболу Лидия, андан соң Жозефина Германиядан Улуу Британияга көчүп келишкен. 1938-жылы аларга ата-энеси да келип кошулган. Бул учурда нацисттик Германияда жөөттөргө каршы расачыл куугунтуктоолор күч алып жаткан болчу.

Акын Борис Пастернактын ата-энеси экөө тең Улуу Британияда кезинде кайтыш болушканы маалым.

Борис Пастернактын билими

Маскөөдө туулуп өскөн Борис Пастернак бала чагында, 1903-жылы, капысынан аттан жыгылып, бир буту сынган эле. Ал сынык туура эмес бүткөндүктөн, кийинчерээк Пастернак аскердик кызматтарга жараксыз болуп калган.

1908-жылы ал Маскөө университетинин юридикалык факултетине тапшырып, бирок Александр Скрябиндин кеңеши боюнча 1909-жылы тарых жана филология факултетинин философия бөлүмүнө өткөн.

Студент кезинде, 1912-жылдын жай айларында, Борис Пастернак Германиянын Марбург университетинде марбургдук нео-Кант философиялык мектебинин жетекчиси, профессор Герман Коген мырзадан философия боюнча таалим алган.

Ал 1912-жылы Маскөө университетин бүтүргөн, бирок өз дипломун алууга убакыт короткон эмес. Ал үчүн чыгармачыл изденүү башкы орунда болгон.


Лефчилер. Солдон оңго карай: Б.Пастернак, В. Маяковский, Тамизи Найто, Арс. Вознесенкий, О.Третьякова, С.Эйзенштейн, Лили Брик.1924-жыл.

Айтылуу Владимир Маяковский да өзүн Пастернактын көлөкөсүндө кала берген акын катары сыпаттаганы бар.

"Когда время выдвигает Пастернака, Маяковский остается в тени”.

(Владимир Маяковский. Поли. собр. соч. Том двенадцатый. М. 1959. С. 336.)

Борис Пастернакты Гөте, Шекспир, Шиллер жана башка дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын орус поэзиясынын кыртышына көркөмдүгүн кемейтпестен, телегейи тегиз которо алган советтик орус акын котормочуларынын мыктысы деп да баалашкан.

Ал түгүл 1934-жылы СССР Жазуучулар Биримдигинин курултайында Николай Бухарин Пастернакты “Советтер Биримдигиндеги эң мыкты акын” катары саноого чакырган.

1932-жылы Пастернак алгачкы жубайы Евгения Лурье менен ажырашып, Зинаида Николаевна (кыз кезиндеги тегаты – Еремеева, биринчи никедеги тегаты – Нейгауз; 1897–1966) деген аялга үйлөнгөн жана ал Пастернак деген тегатка көчкөн.

Зинаида Николаевна таланттуу пианист Генрих Густавович Нейгауз менен болгон мурдагы никесинен Адриан (Адик) жана Станислав деген эки уул төрөгөн. Ал эми Борис Пастернактан Леонид деген уулдуу болгон.

1930-жылдары Б.Пастернак сталинизмдин “тырмагына” илинбестен жашай алган. Ал түгүл анын Иосиф Сталиндин ысымын атабастан туруп ага Чыгыштагы поэзиянын салты менен даңазалаган ыр жазгандыгы да маалым.

Ал Осип Эмильевич Мандельштам (1891–1938) сыяктуу айрым акындарды ГУЛагдан арачалоого өз алына жараша далаалат кылганы белгилүү.

Арман жана сүйүү ырларын камтыган кара сөз чыгарма

Борис Пастернак Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң он чакты жылдан бери кынаптап жазып жүргөн даңазалуу "Доктор Живаго" романын 1955-жылы толук тамамдаган.

Бул көркөм чыгарма – проза жанрында болгон, бирок ага башкы каармандыкы делген түрдө Пастернактын эң мыкты ырлары да шырдакка көрк берген оюудай ширелтилип камтылган.

Пастернактын бул романынын негизги мүдөөсү 1917-жылы мурдагы падышалык Орусиянын кеңири аймагында эбегейсиз зор бурулуш алып келген ыңкылаптардан тартып, совет бийлигинин алгачкы жыйырма жылынан ашуун мезгилинин ичинде жашаган жана чоң саясат менен иши жок чыгармачыл инсан тагдырдын капшабына кантип калгандыгын калыс чагылдырууда болгон.


Иван Толстойдун жазуучу Борис Пастернактын романы тууралуу изилдеген китебинин мукабасы. 27.11.2008.

Романдын башкы кейипкери Юрий (Юра) Андреевич Живаго орустун өтө бай үй-бүлөсүнөн чыккан, бирок атасы таштап кеткен соң, энеси да өлүп, жаштайынан турмуш зардабын тартып, акыры дарыгер жана акын болуп чыга келген киши.

1917-жылдагы ыңкылаптардан соң ал Урал жергесине – Рынвадагы Юрятин (Юрятин-на-Рынве) деген ойдон чыгарылган шаарга баш калкалап келет. (Бул шаардын прототиби Пермь шаары дешет).

Андан соң дарыгер Живаго жарандык согуш маалында алыскы Шиберде кызыл партизандарга колго түшүп, он сегиз ай бою аларды дарылоого мажбур болот.

Акыры дарыгер Живаго кызыл партизандардан качып чыгып, эптеп Урал жергесине – Рынвадагы Юрятин шаарына жетет да, мурдагы медайым жана сүйгөнү, комиссардын жубайы Лара Фёдоровна Антиповага кайра кезигет.

Алар Юрятиндеги болшевиктик революциячыл аскердик кеңештин жазалоосунан коркуп, эч ким жашабай калган Варыкино чарбагында баш калкалап туруп калышат.

Ошол кезеңде дарыгер Живагого жана Ларага Виктор Ипполитович Комаровский деген мурдагы маскөөлүк адвокат киши жолугат да, акыры Юрий Живаго менен Лараны көндүрүп, Лара менен анын кызын (б.а. бул айымдын Биринчи дүйнөлүк согуш маалында ыктыяры менен согушка кетип, дайынсыз жоголгон эри, ыңкылапчы комиссар Павел Антиповдон төрөлгөн кызын) Ыраакы Чыгыш жумуриятына алып кетет. Дарыгер Живаго аларды узаткан соң, Варыкино чарбагында жалгыз калат.


Пастернактын "Доктор Живаго" романына негизделген оюн Германиядагы Регенсбург театрында коюлган учур.

Тагдыр шамалы Лара менен анын кызын, ошентип, алыскы Ыраакы Чыгыш жумуриятына алып кетет.

Айрым жаш окурмандар “бул Ыраакы Чыгыш жумурияты” дегениңер эмне?” дешээр.

Ыраакы Чыгыш жумурияты (Дальневосточная Республика) деп аталган көз каранды эмес демократиялык мамлекет 1920-жылдын апрели – 1922-жылдын ноябрына чейин Күн чыгышта өкүм сүргөн.


1921-жылы Владивостокто басылган «Жаңы Украина» («Нова Україна») жылнаамасы (календары). Ал Ыраакы Чыгыш украиндик облустук Кеңешинин (Радасынын) катчылыгы тарабынан даярдалган. Кийинчерээк айрым коммунисттер бүт Ыраакы Чыгышты “Жаңы Украина” деп да аташкан.

Мында базар экономикасынын усулдары социалисттик экономиканын ыкмалары менен айкалыштырылган аракет Лениндин “жаңы экономикалык саясатына” (НЭП) чейин эле жүргөн. Иш жүзүндө ал кийинки Тыва Элдик Республикасы сыяктуу эле советтик Орусиянын өзү расмий тааныган жана болшевиктик Кремлдин тымызын көзөмөлүндөгү өткөөл аймактык (буфердик) жумурият болгон.

1922-жылы 15-ноябрда (СССР расмий түзүлөөрүнө бир айдан ашуун убакыт калганда) Ыраакы Чыгыш жумурияты РСФСРдин курамына Ыраакы Чыгыш облусу аталышында кирген. (Албетте, бул маалыматты жалпы окурманга биз сунуштап жатабыз, романда Ырааакы Чыгыш жумурияты үзүл-кесил эскерилет).

Кийинчерээк Варыкино чарбагына мурдагы комиссар Павел Антипов (кийин ал Стрельников деген жаңы тегатты алган) келип, өзүн болевиктер жалган жерден айыпташкан соң, Шиберде жана андан соң Уралда качып жүргөнүн, акыры акыйкаттыкта жетем го деп күдөр үзбөгөнүн айтат. Лара менен кызы Ыраакы Чыгыш жумуриятына кеткенин жана Лара аны сүйөөрүн уккан соң, Павел Антипов-Стрельников кайгысына чыдабай өзүн өзү атып өлөт.

Дарыгер Живаго бул окуялардан соң Маскөөгө кайтып келет. Ал мурдагы короо кайтаруучунун кызы Марина менен расмий никеси жок жашап, андан эки кыз көрөт.

Бара-бара дарыгер Живаго өзүн таштап салат. Илимий жана адабий чыгармачылыкка да көөнү чаппай жатканын сезет, бирок эч жол таппай, айласы куруп жүргөндө, Маскөөдө трамвайда бара жатып, жүрөгүнөн кармап мерт табат.

Анын Ыраакы Чыгыш жумуриятына кетип калган Ларадан бир кыздуу болгону романдын этегинде билинет.

1930-жылдардагы сталиндик репрессиялар, Экинчи дүйнөлүк согуштун каатчылыгы да учкай айылган бул романда Таня аттуу кир жуугуч кыз, көрсө, Лара менен дарыгер Живагонун кызы тура!

Дарыгер Юрий Живаго өлсө да, анын изи калат. Юрийдин генерал-майор чинине чейин көтөрүлгөн бир тууганы Евграф Живаго эми Таняга камкордук кылып калат. Андан тышкары Евгений живаго өзүнүн маркум бир тууганынын ырларынын жыйнагын даярдайт.

Романда Дмитрий Фурмановдун Василий Чапаевиндей, Николай Островскийдин Павел Корчагининдей, Касымалы Баялиновдун “Боордоштор” романындагы кызыл аскер баатырлардай, Касымалы Жантөшевдин “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” Каныбегиндей даңазаланган болшевик болгон башкы каармандар жок.

Башкы каарман – дарыгер Живаго – болочокку коммунизмдин куруучуларын эч кызыктыра албай турган эле “жүдөмүш киши”. Бул акын жана дарыгердин аруу дүйнөсүн аңдоо үчүн зор нерсе талап кылынат. Ал талап – коомду ак менен кара түскө гана жиктеген коммунисттик цензурадан баш тартуу.


Пастернактын "Доктор Живаго" чыгармасынын 1957-жылы Нидерланддарда орусча жарык көргөн алгачкы басылышынын мукабасы.

Романды Маскөө четке кагып, Батыш сыйлап...

Борис Пастернак Совет бийлигинин алгачкы он жылдыктарына расмий цензурага сыйбаган дүрбү менен карап жаза алган бул романын оболу 1956-жылы жазында “Новый мир”, “Знамя” журналдарына жана “Литературная Москва” алманахына сунуштаган, бирок, кейиштүүсү, ал өзүнүн ири чыгармасын СССРдин эч бир басылмасында жарыялай албай койгон.

Ошондо, 1956-жылы жайында, ал италиялык миллионер ишкер, басма ээси, бир кездери антифашисттик кыймылга катышкан жана коммунисттик көз карашка ылым санаган Жанжакомо Фелтринелли (Giangiacomo Feltrinelli; 1926–1972) мырзага Сержо Д’Анжело деген журналист аркылуу өз романынын кол жазмасынын көчүрмөсүн жөнөткөн.

Демек, өзүнүн өмүрдүк иш делген ири чыгармасын Советтер Биримдигинде окурман журтка эч жеткире албай койгон соң, Пастернак аргасыздан ушундай кадамга барган.


Ольга Всеволодовна Ивинская (1912–1995) Борис Пастернактын "Доктор Живаго" романындагы Ларанын прототиби болгон деген пикир бар.

Башка айрым советтик калемгерлер Батышта жарыяланган жана советтик цензуранын талаптарына ылайыксыз делген кээ бир чыгармасларына адабий аты менен кол коюшчу. Бирок Пастернак "Доктор Живаго" романын өз ысымы менен эле сунуштаган.

1957-жылы ноябрда Ж.Фелтринелли мырза Пастернактын романынын италиялык котормосун Милан шаарында жарыялаган. (Бул кадамы үчүн басма ишкерин Маскөөнүн кысымы менен Италиянын Компартиясынын мүчөлүгүнөн чыгарып салышкан).

Ал эми 1958-жылы 24-августта Б.Пастернактын "Доктор Живаго" романынын орусча түп нускасынын бир варианты Голландияда (Нидерланддарда) “каракчылык усул менен” (б.а. автордун жана басма ээси Фелтринеллинин уруксатысыз) 500 нускада жарык көргөн.

Андан тышкары 1958-жылдан тартып АКШнын Борбордук чалгын агенттиги (Central Intelligence Agency, CIA; орусча ЦРУ) жазуучу Б.Пастернактын "Доктор Живаго" романынын орусча текстин чакан көлөмдөгү китеп катары көп сандаган нускаларда басып чыгарып, чет өлкөлөргө сапарга чыккан советтик туристтерге бекер сунуштагандыгы, “Азаттыктын” Орусия үчүн иштеген кызматынын кабарчылары бул романды жай-баракат ыргакта окуп беришкендиги маалым.

Нобелдик сыйлыкка татыгандык

Дал ушул романдын демократиячыл Батыш дүйнөсүнө кеңири жетиши Борис Пастернактын чыгаан калемгер экендигин сырткаркы дүйнөдөгү адабият таануучуларга биротоло тастыктаган.

Дүйнөлүк адабияттагы бул жүрүмдү скандинавиялыктар да баамдап турушту.

Ошентип 1958-жылы 23-октябрда Пастернак мырза адабият боюнча Нобел сыйлыгына татыктуу болгон.

Анын сыйланышынын себеби "заманбап лирикадагы олуттуу жетишкендиктери үчүн, ошондой эле улуу орус эпосчул (б.а. өтө кеңири алкакты камтыган. – Т.Ч.) ири роман жазуу салттарын уланткандыгы үчүн" деп сыпатталган.

Тасма. Журналист жана серепчи Иван Толстой Борис Пастернактын Нобел сыйлыгына татыгандыгы тууралуу. (Орус тилинде). 

Хрущевчилердин “тескери батасы” 

Арийне, советтик орус акынынын чыгармачылыгынын дүйнөлүк деңгээлде жакшы кабыл алынышы жана ага Нобел сыйлыгынын ыйгарылгандыгы тууарлуу кабар сталинизмге каршы чечкиндүү чыккан, бирок эски чидерден өзү да жарытылуу бошой албай жаткан советтик жетекчиликтин жаалын келтирген.

СССРдин өзөктүк куралы менен оңду-солду коркуткан КПССтин башчысы (иш жүзүндө тоталитардык мамлекеттин жетекчиси) Никита Хрущев акын Пастернакка каршы идеологиялык чабуулдун артында турган.

1958-жылы 31-октябрда СССР Жазуучулар Биримдигинин лөктөрү Маскөөдө атайын чогулуш өткөрүшүп, КПСС Борбордук Комитетинин “Чагымчыл роман тууралуу” деп аталган токтомунун пунтктарына ылайык Борис Пастернакты ар кыл жаманатты кылчу шылтоолор менне “туздап” чыгышты.

Нобел сыйлыгынын Пастернакка ыйгарылышын бул отурум “биздин өлкөбүзгө карата кастык иш-аракет катары баалоо” керек деп токтом токушту. Алардын оюнча, бул чыгарма Өктөбүр социалисттик ыңкылабын, совет элин жана СССРдеги социализмдин курулушун ушак айыңчыл маанайда” чагылдырган. Отурумдун токтомунда Нобел сыйлыгынын Пастернакка ыйгарылышы “кансыз согуштун отун ого бетер алоолонтуп күчөтүүгө багытталган” эл аралык реакциячыл күчтөрдүн куралы болуп калгандыгы белгиленген.


Сергей Михалков (1913–2009) өнөктөшү, карикатурист Марк Абрамов (1913–1994) тарткан “Нобелдик тамак” аттуу сүрөткө кошумчалап, сатиралык ыр жазган. “Комсомольская правда” гезити. 29.10.1958.

Жыйында “ЖАЗУУЧУ Ата Мекенине чыккынчылык кылып салбадыбы!” деп жалындуу сүйлөгөн акын Сергей Михалков 1958-жылдын 29-октябрынын соңундагы карикатурист М.А.Абрамов тарткан “Нобелдик тамак” аттуу сүрөткө мындайча саптарды кошумчалаган:

“Антисоветчил өйүздөгү уулуу ашын

Ачык касыбыз ашканабызда эле кайнатты.

Татымалды жаңыча табуу үчүн дешип,

Ашпоздорго сунушташты пастернакты.

Аңдайбыз го жыттан эле каяктыкын

Элибиз бүт түкүрүнүп түрттү бул тамакты”.

(Орусча түп нускасы бул шилтемеде).

Ырдын орусча текстинде сөз оюну да бар:

"По новому рецепту как приправу
Был поварам предложен пастернак..."
Бул саптардагы орусча “пастернак” сөзү тамыры татымал катары арбын колдонулган сабиз сымал таттуу өсүмдүктү билдирет. Аны кыргыз жана өзбек тилдеринде “ак сабиз” деп да коюшат.

ТАССтын 1958-жылдын 2-ноябрындагы билдирүүсүндө “Пастернак өзүнүн антисоветтик эссесинде [советтик] коомдук түзүлүшкө жана элге курулай жалаа жапкан” деп баса белгиленген.

Ал эми “жогорку жактагыларга”, өзгөчө Никита Хрущевге көрүнүп калуу үчүн жагалданган далай чыгаан делген акын-жазуучулар жана адабиятчылар Нобел сыйлыгын ыйгарган комитетти да, Борис Пастернакты да каргап-шилеп жатып калышты. Кээлери Н.Хрущевдин “чочколук” (“свинство”) деген бир сөзүн Пастернакка каршы улам кайталап колдонуп жатышты.

Бутага алынган бул китептин бир тамгасын да көрө элек кишилер, – анын ичинде жумушчулар, тигүүчүлөр, кенчилер, колхозчу дыйкандар дагы, – ар кыл жамааттык чогулуштарда авторду “чыккынчы” катары сындашып, жалпы жамааттын атынан аны айыптаган каттарды мезгилдүү басылмаларда байма-бай жарыялап жатышты.

Бул өнөктүк кийинчерээк көздөн далдаа жердеги кайчы пикир билдирилчү баарлашууларда “Пастернакты окубасам да, айыптаймын” (“Не читал Пастернака, но осуждаю!”) деген калып катары шылдыңга алынып жүрдү.

Сыйлыктан аргасыздан баш тартуу

Албетте, акын жана жазуучу Борис Пастернак оболу Нобелдик сыйлык тууралуу кабарга абдан кубанган, аны менен кошо үзөңгүлөштөрү да сүйүнүшүп, акынды шыктандыра куттукташкан.

Бул көз ирмемдер Корней Иванович Чуковский (1882–1969) сактап калган көзгө басар фото сүрөттө айкын чагылдырылып калгандыгы тууралуу даңазалуу бард Александр Галич (1918–1977) эскерген экен.

Анын айтымында, сүрөттө Борис Пастернак колуна шарап кармап, жылмайып турат. Ага Корней Иванович Чуковский башын ийип жакындап, өз бокалын тийгизип жатат.

Көрсө, Корней Чуковский тамашалап: “буга чейин салбыраган бир кунарсыз кемселди жонуңдан түшүрбөстөн кийип жүрдүң эле, эми фрак тиктирип алышың керек, себеби Норвегиянын падышасынын салтанаттуу кабылдамасына фрак менен гана барып, сыйлык алууга тийишсиң!” деген мааниде сүйлөп жаткан экен.

Албетте, азил кепке үй ээси ыраазы боло жылмаят да!

Дал ушул көз ирмемдерден он мүнөттөй өтүп-өтпөстөн, үйгө жазуучу, СССР Жазуучулар Биримдигинин катчысы Константин Федин (1892–1977) кирип келип, дээрлик коңшулаш өз үйүндө КПСС Борбордук Комитетинин маданият бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Поликарпов (1905–1965) күтүп жаткандыгын айтат.

Пастернак Фединди ээрчип анын үйүнө келгенде, Поликарпов ага Совет өкмөтү Нобел сыйлыгынан ыктыярың менен баш тарткын деп сунуш кылып жаткандыгын маалымдаган.

1958-жылы 2-ноябрда “Правда” гезити Б.Пастернактын Н.Хрущевго жазган катын жарыялаган. Анда акын жана жазуучу Пастернак швед академиясынан Нобел сыйлыгынан ыктырдуу баш тарткандыгын маалымдагандыгын да баса белгилеген.

Албетте, Нобел сыйлыгына жеткен мындай даңазалуу кишини эми мурдагыдай тымызын өлтүрүп салуу, аны абакта кармоо сыяктуу чараларга тоталитардык жазалоо машинеси бара алмак эмес.

Ошого карабастан, Б.Пастернакты 1958-жылы 6-ноябрда дагы бир жолу «Правда» гезити аркылуу өз өкүнүчүн билдиргет катын жарыялоого аргасыз кылышкан.

Партиялык төбөл Дмитрий Поликарпов оңдоо киргизип, Борис Пастернак тек гана кол коюуга аргасыз болгон бул кат да катаал авторитардык бийликтин акынга карата зулумдугунун бир далили катары тарыхта калды.

“Ата мекенимдин чегинен сыртка чыгып кетүү – мен үчүн өлүмгө тете” деген саптар дагы камтылган бул кат баары бир акынга жардам берген эмес.

Ага калем акы төлөмдөрү дароо токтотулган, котормо жаатындагы келишимдери жокко чыгарылган, ал которгон пьесаларды сахнага чыгарууга бөгөт коюлган, жана башка мүшкүлдөр башталган.

Акындын каяшасы

Акын Борис Пастернак да жөн калган жок. Анын “Нобел сыйлыгы” аттуу жооп иретинде жазган ыры 1959-жылы 11-февралда Улуу Британиядагы “Daily Mail” басылмасында жарык көрдү жана журналист Энтони Браун Нобел сыйлыгынын ээси кантип өз Атажуртунда таланып жаткандыгын да бул ырга кошумчалап жазган.

1958-жылдын соңунда Пастернак жазган бул “Нобел сыйлыгы” аттуу ырдын биз дээрлик сапма-сап которгон кыргызча текстине көз жүгүртөлү:

“Камалоодо калган аңдай болду жаным,

Башка жакта – калайык, эркиндик, жарыгы бар.

Кулагымда – тек куугунтуктун жаңырыгы,

Чыйырдан, сыртка чыкчу, айрылгам,

Чытырманда, көлмө жээгинде,

Карагайдын кулап калган сөңгөгүндөй.

Чар тараптан жолум буулуп турса дагы,

Кайылмын тобокелдүү өмүрүмө.

...Деги кандай жоругум бар мыйзамсыз,

Киши өлтүрүп же зомбулук кылдымбы?

Бүт дүйнөнү жаш төгүүгө мажбурлап,

Кооздугуна жергемдин тан бердирдим.

Көргө жакын турсам дагы ишенем,

Мезгил тактайт жана калчайт калгандарын –

Арамдыктын, жек көрүүнүн күч-кубатын –

Жакшылыктын руху жеңет мунун баарын”.

Маалыматтарга караганда, бул ыр Улуу Британияда жарыяланган соң, акын Пастернакты түздөн-түз коркутуу далаалаты да орун алган.


Борис Пастернак жубайы Зинаида менен. Переделкино. 1958-жыл.

Ал эми басма ээси Жакомо Фелтринелли швейцар банкында Пастернак үчүн атайын ачылган эсепке 900 миң доллар салган.

Пастернак чет өлкөлүк эсептеги бул акчадан дагы баш тарткан. Ошондон соң гана акынга кайрадан ырлары жана котормолору үчүн калем акылар төлөнө бащтаган.

Бирок капысынан жоонун жаңы түрү пайда болду. Ал – рак оорусу эле...

Өмүр күзү

Улуу акындын өмүрүнүн барактарына чакан макалада тереңдеп отуруга мүмкүн эмес.

Жалпыласак, чыгаан акын жана жазуучу Пастернак өмүрүнүн соңку жылдарын Советтер Биримдигинин кубаттуу идеологиялык машинесинин кысымы астында өткөргөн.

1960-жылдын апрелинен тартып анын саламаттыгы кескин начардаган. Өзү өпкө рагы илдетине чалдыкканын акын жакшы билген.

Борис Пастернак 1960-жылы 30-майда өзүнүн Маскөөнүн жанындагы Переделкино кыштагындагы дачасында жубайы Зинаиданын жана Евгений, Леонид деген уулдарынын кашында дүйнө салган.

2-июнда маркумдун сөөгүн акыркы сапарга узатуу маалында Переделкино жергесине эки миңден төрт миңге чейин чамалап барган карапайым кишилер котолоп чогулган.

Оболу бийликтер элге чогулууга тыюу салмакчы болгондо, Зинаида Пастернак жумушчулар жана дыйкандар сүйүктүү акынын соңку сапарга узатууга келген жатышат, алар эч кандай тополоң кылышпайт, деп бийликтерге кайрылган жана уруксат алган.

1966-жылы 23-июнда акындын жесири Зинаида Пастернак дагы өпкө рагынын айынан кайтыш болгон. Анын сөөгү Переделкино кыштагындагы көрүстөндө Борис Пастернактын мүрзөсүнүн жанында жерге берилген.

Орустун акыйкат көркөм сөз үчүн кордукка калган залкар акыны Пастернак Евразиядагы адабиятка зор таасир тийгизген. Анын көптөгөн жолдоочулары Кыргызстанда да телчиге беришкен.

(Бир эле мисал үчүн жогорудагы эпиграфты караңыз).


Борис Пастернак.

Айтмакчы, 1988-жылы жайында маркум Пастернактын ысымына Нобел сыйлыгынын диплому толтурулган.

Ошол эле жылы Пастернактын "Доктор Живаго" романы "Новый мир" журналы тарабынан эркин басылып, Советтер Биримдигиндеги кеңири окурмандар чөйрөсүнө жеткен. (Ага чейин ал СССРде жашыруун таркатылчу).

1989-жылы 9-декабрда Стокголм шаарында маркумдун Нобел сыйлыгынын ээси болгондугу тууралуу бул диплом акындын уулу Евгений Пастернакка салтанаттуу түрдө тапшырылган.

Рактын күчү кете элек эски түрү...

Каргашалуу рак оору, ошентип, өз чыгармасында турмуш чындыгын таптакыр жалган сүрөттөй албаган чыгаан акынды 1960-жылы аалааматтуу жалга тапшырып тынды.

Бирок заманбап Орусиядагы коомдо анчейин ачык айтылбаган башка рак оорусу сакталып кала берүүдө.


Маскөөдөгү Борис Немцовду эскерүү жүрүшү маалында орусиялыктар эгемен Украинага тилектештик билдиришти жана баскынчыл согушка каршы ураандар чакырышты. 29.2.2020.

Ал – бийликтегилердин авторитардык турумуна карата кайчы пикирдегилерди сыйлабастык жана “мындай “ээнбаштарды” сөзсүз катаал жазалоо керек!” деген сабырсыздыктын жана саясий зөөкүрдүктүн эскиден келе жаткан рак оорусу...

Дал ушундай ооруга чалдыккан төбөлдөр XXI кылымдын башында дагы акын жана жазуучу Борис Пастернактын мурасын орто мектептердин окуу программасына жолотпоого далбаса уруп келишет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Автор: Тынчтыкбек Чоротегин

Булак: “Азаттык” үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн