Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:29
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

БШК Турсунбай Бакир уулунун шайлоого катышуудан баш тартуусуна комментарий берди

07.09.2023 09:27
4112
БШК Турсунбай Бакир уулунун шайлоого катышуудан баш тартуусуна комментарий берди


Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Турсунбай Бакир уулунун кайра шайлоого катышуудан баш тартуусу боюнча БШКга арыз түшкөн эмес. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.


Мекеменин маалыматына караганда, буга чейин ал мандат үчүн күрөштү улантууну каалабай турганын УТРКнын эфиринде (5-сентябрда) теледебат учурунда билдирген. Турсунбай Бакир уулу шайлоого барбай турганын жана талапкерлердин бирин колдоого даяр экенин айтып, бирок ким экенин так айткан эмес.


БШКнын үгүт иштери боюнча жумушчу тобу талапкерлерди шайлоочулардын алдында жоопкерчиликтүү болууга жана шайлоого ак ниеттүүлүк менен катышууга чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн