Бугу 21, 2024
Убакыт: 10:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

БШК үч шаардагы шайлоо үчүн бюллетендерди жөнөттү

01.07.2021 13:29
1039
БШК үч шаардагы шайлоо үчүн бюллетендерди жөнөттү

Бүгүн, 1-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларына кайра шайлоо өткөрүүгө шайлоо бюллетендерин жөнөттү. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоо үчүн 611 миң 71 бюллетень, мындан тышкары 326 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалган.


Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) – 45 миң 532, Ош АКШга – 148 миң 370, Токмок АШКга – 37 миң 169 бюллетень жөнөтүлдү.


Эскерте кетсек, аталган шаарларда добуш сатып алуу фактылар аныкталып, үстүбүздөгү жылы 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо үстүбүздөгү жылы 11-июлга белгиленген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн