Жетинин айы 12, 2025
Убакыт: 12:16
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.100

БШК үгүт жүргүзүү шарттарын бузган 2 талапкерге айып салды

БШК үгүт жүргүзүү шарттарын бузган 2 талапкерге айып салды


Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузган 2 талапкерге айып салынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. 


Маалыматка ылайык, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Чыңгыз Айдарбеков жана №25 шайлоо округу боюнча талапкер Төрөкан Жунусбеков шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгын аныктаган.


Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында Facebook социалдык тармагында жарыяланган сүрөт жана видео материалдарга ылайык, талапкер Ч.Айдарбеков тарабынан үгүт жүргүзүү шарттары бузулгандыгы аныкталган.


Ал эми № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Т.Жунусбековдун үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы тууралуу БШКга Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү билдирген. Маалыматка ылайык, Т.Жунусбеков мечитте мыйзамсыз үгүт жүргүзгөн.


Жумушчу топ жогоруда аталган талапкерлерге карата шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.


Жумушчу топтун чечимдеринин негизинде тиешелүү мыйзамдарга ылайык, эки талапкерге тең протокол түзүлүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн