Тогуздун айы 22, 2025
Убакыт: 07:49
USD
87.30
87.80
EUR
101.25
102.25
RUB
1.070
1.115

Бакыт Төрөбаев “Манас” университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты

02.10.2025 10:54
520
Бакыт Төрөбаев “Манас” университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.


Төрөбаев окуу жайга агроөнөр жай комплекси үчүн адистерди жана кадрларды даярдоо боюнча университеттин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу максатында барды.


Сапардын жүрүшүндө министр заманбап лабораториялар менен жабдылган инженердик факультет, табигый илимдер факультети, ветеринария факультети жана агрардык факультеттин ишин көрүп чыкты.


Бул жерден студенттер тамак-аш жана химиялык инженерия, биотехнология, ветеринария, өсүмдүк өстүрүү, биология, өсүмдүктөрдү коргоо жана айыл чарбасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон башка багыттар боюнча билим алышат.


Бакыт Төрөбаев окуу жайдын эмгек жамааты, студенттерге министрликтин негизги беш багыты боюнча маалымат берип, илим жана билим алмашуу агрардык секторду өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири экендигин баса белгиледи.


Жыйынтыгында ал илимдеги жаңылыктарды практикалык тармакка киргизүүдө өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн