Баткен мамлекеттик университетинен 2170 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык жана башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жогорку жана адистештирилген окуу жайлардын талаптарына көңүл бурбоо жана катышуу эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Баткен мамлекеттик университетинен жана анын тиешелүү түзүмдөрүнөн 2170 студент окуудан чыгарылды.
Тактап айтканда:
- Баткен мамлекеттик университенинин башкы мекемеси – 570;
- Кызыл-Кыя М.М.Тайиров атындагы гуманитардык-педагогикалык институту – 801;
- Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институту – 380;
- А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту – 171;
- БатМУнун алдындагы көп тармактуу колледж – 234;
- БатМУнун алдындагы педагогика жана коммуникация колледжи – 14.
УКМК билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык жана башка мыйзамсыз иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн