Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде коронавирустун жаңы учурлары 10 эсе азайды

23.11.2020 14:23
992
Баткенде коронавирустун жаңы учурлары 10 эсе азайды


Баткен облусунда коронавирустун жаңы учурлары 10 эсе азайды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалаловдун коронавирус оорусу менен күрөшүү боюнча  облустук штабка койгон тапшырмаларына ылайык, Covid 19 илдети менен күрөшүү  аракеттери күчөтүлүп,  натыйжада оору кескин кыскарды. Жер жерлерде ооруган бейтаптар катуу көзөмөлгө алынып, оорунун жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу чаралары көрүлдү. Баткен облусунда коронавирус менен ооруган жарандардын саны, бир ай мурдакы учурга салыштырмалуу 10 эсе азайды”, - деп айтылат аталган маалыматта. 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Шаадат Курбанбекова
Кудайга чексиз шугурлор болсун. Бул жыл оор жыл болду го...