Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде жаңы оорукана 10 күндө курулат

19.11.2020 10:15
520
Баткенде жаңы оорукана 10 күндө курулат

Баткен облусунун Кадамжай районунда жаңы тез курулуучу инфекциялык оорукана курулат. Бул тууралуу Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү билдирди. 


Тез курулуучу оорукана Өзбекстан менен макулдашылган келишимдин негизинде курулмакчы. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов "Өзбекстан темир жолдору" ишканасынын жетекчиси баштаган куруучу топту Кызыл-Кыя темир жол бекетинен тосуп алды.

"Пандемия менен күрөшүүдө, элибиздин саламаттыгына кам көрүп, жакындан жардам көрсөткөнү, эки элдин кылым карыткан кошуналык жакын мамилесин далилдеп, кыргыз-өзбек элинин ынтымагын дагы бир ирет бекемдеди”- деди Жалалов. 


Оорукана контейнерлерден курулуп, курулуш мөөнөтү 10 күндү түзөт деп болжолдонууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн