Кулжа 21, 2025
Убакыт: 19:56
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэрине кылмыш иши козголду

10.11.2022 16:34
675
Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэрине кылмыш иши козголду

Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэри жер участокторун мыйзамсыз бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан Базар-Коргон шаардык мэриясында текшерүү жүргүзүлүп, 2021-2022-жылдары жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары аныкталган.


Аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэри Т.И.А. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде жана 346-беренесинде (“Кызматтык жасалмачылык”) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен айыбы угузулуп, Базар-Коргон райондук сотуна кароо үчүн жиберилген.

Учурда кароо алдында турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн