Бишкек мэриясы Көк-Жар МАБнын №172 контурунун жашоочуларынын абалы боюнча позициясын билдирди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев президентке Көк-Жар МАБнын №172 контурунун жашоочуларынын абалы боюнча сунуш киргизди.
Өлкө башчысы Садыр Жапаров бул маселни түшүнүү менен кабыл алып, колдоосун билдирди. Президенттин тапшырмасынын негизинде учурда жарандарды турак жай менен мыйзам чегинде жана адилеттүү камсыздоо боюнча чечим ишке ашырылып жатат. Ал эми мыйзамсыз аракеттерге жол берилбейт жана тиешелүү чаралар көрүлөт.
"Ошол эле учурда айрым саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары азыркы кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылып, бул курч теманын тегерегинде ой-пикир айтып жатат.
Бишкек шаарынын мэриясы мындай маанилүү процесске кийлигишпөөгө чакырат. Бул маселе кылдат, мыйзамдуу жана адам тагдырына урмат менен мамиле кылууну талап кылат.
Биз жоопкерчиликке, урмат-сыйга жана конструктивдүү диалогго чакырабыз. Жарандардын укугун коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо — биздин башкы артыкчылыгыбыз", - деп белгилешти мэриядан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн