Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте №2 төрөт үйүндө 22 жаштагы келин көз жумду

Бишкекте №2 төрөт үйүндө 22 жаштагы келин көз жумду


Бишкекте эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин №2 төрөт үйүнөн көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, келин кош бойлуулугунун 34-жумасында кан басымы көтөрүлүп шаардагы №2 төрөт үйүнө түшкөн.


"Буга чейин дарыгерлердин каттоосунда турган. Операция жолу менен эгиз уулдарды жарыкка алып келген. Операция ийгиликтүү эле болгон. Бирок 15-январга караган түнү көз жумган. Алдын ала ага жогорку деңгээлдеги преэклампсия (кан басымынын жогорулап кетиши) диагнозу коюлду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, келиндин өлүмүнүн себептери экспертизанын жыйынтыгынан кийин билинет", — деп айтылат маалыматта.


Учурда балдардын абалы туруктуу жана №2 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болушууда. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн