Бишкекте 17-май күнү Балдарды коргоо күнүнө (1-июнь) карата кайрымдуулук жарманкеси өтөрүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Иш-чара саат 10.00дөн 15.00гө чейин Курманжан датканын эстелигинин алдында болот. Анда ар өлкөдөн чыккан сувенирлер, улуттук тамаш-аш менен суусундук тартууланат. Түшкөн акча кайрымдуулукка жумшалмакчы.
Жарманкени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусу менен уюштурууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн