Бугу 13, 2024
Убакыт: 14:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкекте ТҮРКСОЙ уюмунун 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт

09.06.2023 11:30
1437
Бишкекте ТҮРКСОЙ уюмунун 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт


Бишкекте ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.

Иш-чара ушул жылдын 12-13-июнь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Иш-чаранын алкагында атайын концерттик программа уюштурулуп, ага түрк дүйнөсүнүн 100дөн ашуун искусство чебери катышат.

12-июнда Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөт көргөзмөсү өтөт. Башталышы саат 14:00. Ошондой эле саат 15:00дө А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин жазуучуларынын китеп көргөзмөсү жана уюмдун сыйлыктары тапшырылат.

Ал эми 13-июнда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында түрк дүйнөсүнүн улуттук кийимдеринин жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү уюштурулат. 40 манасчынын бирге манас айтуусу орун алып, ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин чыгармачыл топторунун катышуусу менен “Биз биргебиз” гала-концерти өтмөкчү.

Эске салсак, Түрк дүйнөсүнүн биринчи кызматташтык уюму ТҮРКСОЙ 1993-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде түзүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн