15-16-ноябрда Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманке Т.Усубалиев атындагы аянтта, ошондой эле И. Раззаков жана Абдымомунов, Эркиндик бульвары көчөлөрүнүн кесилиштеринде (Биринчи Май району) уюштурулат.
Жарманкенин максаты ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, элге арзан жана сапаттуу азык-түлүк продукциясын жеткирүү, ошондой эле ички рынокту туруктуу камсыздоо болуп саналат.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын июнь айына чейин ар ишемби, жекшенби күндөрү Бишкек шаарында социалдык маанилүү продукцияларды сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлүп турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн