Бишкекте музыкалык окуу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:14төн тарта 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, тилсиз жоону өчүрүү боюнча иш алып барууда.
Мындан тышкары, кошумча саат 11:35те Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан бир унаа, 2 офицер 1 дрону менен тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн