Теке 27, 2024
Убакыт: 11:46
USD
EUR
RUB

Бишкекте троллейбус Байтик баатыр көчөсү менен бара жатып жол кырсыгына кабылган

Бишкекте троллейбус Байтик баатыр көчөсү менен бара жатып жол кырсыгына кабылган


Борбор калаада №10 каттамдагы троллейбус Байтик баатыр көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып жол кырсыкка кабылган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.


Окуя болжол менен эртең менен, тагыраагы, саат 8:10 чамасында болгон.


"Троллейбустун айдоочусунун айтымында, транспорттун сол жагынан жеңил автоунаа кысып чыккан. Андан качууга аракет кылып рулду башкара албай, айдоочу жол жээгиндеги бакты сүзүп токтогон. Жабыркагандар жок", — деп айтышты маалымат кызматынан. 


Жол кырсык Кайгуул милициясы менен камсыздандыруу компаниясына катталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн