Аяк оона 14, 2025
Убакыт: 03:24
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.035
1.070

Бишкектеги 2-төрөт үйү оңдоо иштери үчүн жабылды

01.09.2021 17:00
940
Бишкектеги 2-төрөт үйү оңдоо иштери үчүн жабылды

Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйү оңдоо-профилактикалык иштерине жабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги кабарлады.


Маалыматка ылайык, төрөт үйү жыл бою COVID-19 инфекциясы аныкталган аялдарды кабыл алып келген.


“Бардык медициналык мекемелер жыл сайын оңдоо иштерин, ошондой эле дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүсү зарыл. Буга байланыштуу төрөт үйү 23-августтан 20-сентябрга чейин жабылган”, - деп айтылат билдирүүдө.


Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынан белгилешкендей, борбордогу COVID-19га шектүү же тастыкталган диагнозу коюлган төрөтү жакындаган аялдар Ысык-Ата аймактык ооруканасына кабыл алынат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн