Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 05:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бүгүн Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы элдешүү күчүнө кирди

24.11.2023 12:05
2296
Бүгүн Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы элдешүү күчүнө кирди


Израиль армиясы менен Газа секторундагы ХАМАС кыймылынын ортосундагы төрт күндүк элдешүү бүгүн жергиликтүү убакыт менен саат 7.00дө күчүнө кирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.


Катардын ортомчулугу менен эки тарап бир пикирге келгени шаршембиде белгилүү болгон. Бул абал курчуп кеткен 7-октябрдан берки биринчи жолку ири макулдашуу. Мында тараптар төрт күнгө согуштук аракеттердин бардык түрүн токтотуп, туткундарды алмашмакчы. Келишимге ылайык, Израилдин 13 жаранынан турган туткундардын биринчи тобу бүгүн кечинде өткөрүп берилет.


Бул аралыкта күн сайын Газа секторуна гуманитардык, медициналык жардам жана отун жүктөлгөн автоунаа колонналары өткөрүлүп турат.


Анткен менен ХАМАС "батальондору жогорку даярдыкта турарын" эскерткен. Ал эми Израилдин коргоо министри Йоав Галант Газа согуштук аракеттер убактылуу токтотулганын белгилеп, андан кийин кайра өз нугунда кеминде эки айга уланарын айтууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн