Аяк оона 20, 2025
Убакыт: 18:43
USD
87.30
87.80
EUR
102.20
103.20
RUB
1.045
1.075

Бутуңар уюп кетпейт. Нурланбек Шакиев ЖКга отчет же маалымат менен келген өкүлдөрдү депутаттардын суроолоруна трибунада жооп беришин талап кылды

03.11.2022 14:26
534
Бутуңар уюп кетпейт. Нурланбек Шакиев ЖКга отчет же маалымат менен келген өкүлдөрдү депутаттардын суроолоруна трибунада жооп беришин талап кылды

Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламентке маалымат бергени келген Министрлер кабинетинин өкүлдөрүн депутаттардын суроолоруна борбордук трибунада туруп жооп берүүнү талап кылды.


"Мурда отчет же маалымат менен келген премьер-министр же башка болсун борбордук трибунадан депутаттардын суроолоруна жооп берип келишкен. Мындан ары да ошондой болуш керек. Эч нерсе болбойт бутуңар уюп кетпейт",- деди төрага.


Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңешке Ички иштер министринин орун басары экстремизм тууралуу баяндама жасады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн