Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:44
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Чычкан капчыгайына кар көчкү түштү

Чычкан капчыгайына кар көчкү түштү

Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, көчкү бүгүн, 11-мартта саат 13:30дар чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 255-чакырымына түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 360 куб метрди түзөт.


Азыркы тапта Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №23 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана бир атайын техника жолду кардан тазалоодо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн