Кулжа 26, 2025
Убакыт: 14:12
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.110
1.135

COVID-19: Вице-мэр №3 балдар ооруканасынын даярдыгын текшерди

28.09.2020 16:56
964
COVID-19: Вице-мэр №3 балдар ооруканасынын даярдыгын текшерди


Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева мектеп жана бала бакчалардын, оорукана жана поликлиникалардын кыш мезгилине жана ссык тумоо, COVID-19 ооруларынын күчөшүнө карата даярдыктарын текшерүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, вице-мэр №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасын текшерди.

"Оорукананын палаталары, операциялык, процедуралык жана техникалык кабинеттери, кире беришиндеги чуңкурларды жамоо иштери текшерилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Мозгачева оорукананын эффективдүү ишмердүүлүгү үчүн материалдык камсыздоо, дарыгерлердин коопсуз иш шартын түзүү боюнча маселелерге токтолуп, ар кандай кырдаалга даяр болууга тапшырма берди. Ошондой эле вице-мэр операциялык жана экинчи блоктун чатырын оңдоого көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Ал эми мекеменин башкы дарыгери Гүлнар Жанабилова оорукана күз-кыш мезгилине толугу менен даяр экендигин маалымдады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн