Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:47
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Дастан Бекешев: Дарыгерлерге 4 миңге жетпеген айлык берип шылдыңдап жатасыңарбы?

10.06.2020 16:57
27753
Дастан Бекешев: Дарыгерлерге 4 миңге жетпеген айлык берип шылдыңдап жатасыңарбы?


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев медициналык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатууну талап кылууда. Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин 10-июндагы жыйынында билдирди. 


Анын айтымында, дарыгер орто эсеп менен 3 миң 900 сомдон 10 миң сомго чейин алат. 


"Бул силердин шылдың кылганыңарбы? Каражат таап, маянаны көтөрүү керек", - деди ал. 


Ошондой эле депутат медицина кызматкерлери коронавирус жуктуруп алган учурда дарыланып чыккандан кийин стационардан аларга COVID-19 эмес, башка жеңил ооруларды жазып коюп жатышканына наарыз экендигин белгиледи. 


Ал эми Финансы министрлигинин өкүлдөрү, компенцация төлөө боюнча иштер уланып жатканын айтышты. Ошодой эле, бюджеттен каражат бөлүнүп баштаганын жана медиина кызматкерлеринин нааразычылыгы эске алынарын белгилешти. 


Белгилей кетсек, өз каалоосу менен взнос төлөөчүлөр үчүн эки эсеп ачылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы биринчи эсепте 138 миллион сом чогултулган, анын көп бөлүгү компенсацияга кеткен. Экинчи эсеп Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги алдында ачылып, анда 17 миллион сом чогулган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн