Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:37
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дүйнөдө алгачкы жолу адамдын көзү толугу менен алмаштырылды

10.11.2023 10:44
1933
Дүйнөдө алгачкы жолу адамдын көзү толугу менен алмаштырылды


АКШда дарыгерлер тарыхта алгачкы жолу адамдын көзүн толугу менен алмаштырды. Бул тууралуу РИА НовостиНью-Йорк университетинин медициналык борборунун маалыматына таянып кабарлады.


"Нью-Йорк университетинин алдындагы медициналык борбордун хирургдары 46 жаштагы аскер ардагеринин көзүн толугу менен алмаштырышты. Мындай операция дүйнөдө биринчи жолу жасалып жатат. Жогорку чыңалуудагы электр тогуна урунган ардагер сол көзүнөн, мурдунан, оозунан, алдыңкы тиштеринен жана ээгинен ажыраган. Мындан улам анын бетинин жарымына операция жасалган", — деп жазылат маалыматта.


Операция ушул жылдын май айында жасалып, 21 саатка созулганы айтылды. Бул ары татаал, ары жооптуу ишке 140 хирург, медайым, медкызматкерлер тартылган.


"Бейтап жаңы көз менен көрө алабы, азырынча белгисиз. Бирок жаңы коюлган орган операциядан бери "ден сооолуктун таң калычтуу белгилерин" көрсөтүп жатат. Хирургдардын мындай жетишкендиктери адамдын көрүүсүн жолго салуудагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда", — деп жазылат медициналык борбордун релизинде.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн