Бугу 05, 2025
Убакыт: 01:21
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалды

16.03.2023 13:46
269
Эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалды



Ош шаарында эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка караганда,  2023-жылдын 9-мартында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча кызматкерлери Ош шаарынан эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жараны 1995-жылы туулган  Х.Р.Ж. кармашты. Ал Ингушетия Республикасынын Малгобек районунун аймагында кылмыш (ири өлчөмдөгү алдамчылык) жасагандыгы  үчүн эл аралык издөөгө алынган. 


 2023-жылдын 11-мартында Ош шаардык сотунун чечими менен Х.Р.Ж. №5 тергөө абагына бир айга камалды.   

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн