Теке 27, 2024
Убакыт: 11:19
USD
EUR
RUB

Иликтөө: Оштун паркын омургандар

14.11.2023 16:08
2454
Иликтөө: Оштун паркын омургандар


лишер Навои паркы Оштогу эң эски парктардын бири. Эс алуучу жай экинчи борбордун так ортосунда орун алган. Өзгөчөлүгү коммерциялык багытта иштейт. Сезондо жок эле дегенде күнүнө миңдеген адам кирип чыгат. Демек, бул жерде жакшы эле акча айланат. Ушундай маанилүү жерде 12 жер тилкеси жеке менчикте катталып турат. Ал аймакта Жогорку Кеңештин депутатынын, саясатчынын тууганынын жери бар. Биз бул иликтөөдө алардын атын атап, жерлер кантип менчиктештирилгенин ачыктайбыз.


Навои паркынын жалпы аянты (38 733 м2)-  дээрлик 4 гектар. Анын 44 сотых (4 401 м2) же ондон бири жеке менчикте. Ал жерлер дагы 12ге бөлүнүп кеткен. Эң чоң бөлүгү 18 сотых жер (1830 м2) - "Алыш Азия федерациясы" коомдук бирикмесине таандык. Спортзал катары колдонулат деп көрсөтүлгөн, максаты - маданий деп жазылган.

Алты жарым сотых (660 м2) жер тилкеси "8-сентябрь" ЖЧКсына тиешелүү. Жерди иштетүү максаты коммерциялык деп көрсөтүлүп, кафе, бар катары колдонулары айтылган.

Дагы алты сотых (600 м2) жер Дарияхан Маматованын жеке менчиги. 

4,5 сотых (450 м2) жер "Палван" ЖЧКсынын атына катталган. Иштетүү максаты - коммерциялык. Кафе, бар катары колдонулат деп көрсөтүлгөн.


Дээрлик үч сотых (271,7 м2) жана бир жарым сотыхка (123,3 м2) жакын жер участоктору Нуриддин Бегалиевдин атына катталган. Эки сотыхтан (216м 2) ашуун жер анын атасы Гуламидин Бегалиевдин атында. Үчөө тең коммерциялык максатта колдонулат.



Эки жарым сотых (240 м2) жер участогу Катча Чынгараеванын атында. Колдонуу максаты - турак-жай деп жазылган.

Бир жарым сотых (144 м2)  жана бир сотыхтан (115 м2) ашуун жер участоктору Чынара Турганбаеванын жеке менчиги катары катталган. Эки участоктун тең колдонуу максаты - коммерциялык багытта.






Бир сотых (100 м2) жер участогу Дилбар Султановага катталган. Иштетүү максаты - коммерциялык. Павильон катары колдонулат деп көрсөтүлгөн.


Дагы жарым сотыхка (24 м2)  жетпеген жер жеке менчик деп катталган. Бирок ээси белгисиз.


Бул маалыматтарды расмий ачык булактардан издеп таптык. Эми ошол 12 объектинин бүгүнкү күндөгү ээлери кимдер экенин, алар кандай багытта иштетип жатканын жеринен тактадык. 


"Алыш Азия федерациясы" коомдук бирикмесине катталган жерде тегереги тосулган амфитеатр жайгашкан. Убагында ал жерде түрдүү күрөш оюндары өтүп турган. Дрон менен тарткан кадрларда ичи толгон бак-даракты, кароосуз калган жайды көрүүгө болот. Курулуштан жолдун боюна чейинки аралыкты бир канча соода жайлары турат. Аны берген жаран өзү да ижарачы. Ал жердин ээсин атоодон баш тартты.


"Жерди ижарага алганбыз. Ээсин көргөн эмесмин. Анын атын унутуп калдым. Имараттын ичинде буюмдар турат. Буга чейин Палван сарай болгон", - дейт имаратты иштеткен ишкер.


"8-сентябрь" жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү деген жерде учурда "15Д" аталышындагы имарат турат. Ал жерде ролик тээп жана көз айнек кийип түрдүү видеолорду 15Д форматында көрсө болот. Бул жерди да ээси эмес ижарага алган адам иштетет. Бирок жер кимге карай турганын айткан жок.

"Бул менин акемдики. Арендага алып иштетебиз. Мен бул жерде жөн эле ишчимин. Жетекчисинин байланыш номери жок".


"Палван" ЖЧКсына катталган жерде тамактануучу жай бар. Аны Жоодар Алишев аттуу жаран төрт жылдан бери ижарага алып иштетет. Бирок жердин ээси менен түзгөн келишимине ылайык атын атоодон баш тартты.

"Ээсин билемин. Биздин түзгөн келишимге ылайык атын атоого укугубуз жок", - дейт Алишев.


Алты сотых (600 м2) жерге ээлик кылган Дарияхан Маматованын жеринде ролик тебүү үчүн "RELAX ROLLER CLUB" (Релахс роллер клаб) жайгашкан. Ал жерде иштеген балдар Маматовага карашы мүмкүн деп гана божомолдоп, бирок так жооп берген жок.


 "Ал жер ижара эмес. Жетекчинин өзү менен сүйлөшүшүңөр керек. Мен азыр бул жерди иштетип берем. Маматовага карашы мүмкүн. Мен билбейм, жөн эле администратормун.


Парктын аймагындагы үч жерге Бегалиевдердин үй-бүлөсү ээлик кылат. Алардын экөө Нуриддин Бегалиевдин атындагы тамактануучу жайлар. Аны 2007-жылы Оля аттуу аялдан Орусияга көчүп кетээринде сатып алышкан. Атасы Гуламидин Бегалиевдин атындагы жерди Ош мэриясынан сатып алышканын билдиришти. Ал жерде тиш дарылоочу жай, ажаткана жана паркты иштеткен ишкердин кеңсеси жайгашкан.



Алар кайра Бегалиевдерге ижара акысын төлөйт.

"Биз 2007-жылы бир орус аялдан сатып алганбыз. Жерлердин документтери бар",- дейт ишкер Нуриддин Бегалиев.

Чынара Турганбаевага таандык эки жер бар. Алар "Жомок" жана "Автодром" оюн зоок аянтчалары. Аны Турганбаеванын тууганы Эркин Русланбек уулу иштетип берет. 2013-жылы жеке жарандан сатып алышканын айтып берди.


"2013-жылы сатып алганбыз. Бизге чейин болжол менен 1980-жылы мурдагы ээси тарабынан кызыл китеп жасалган экен. Эки жердин тең кызыл китеби бар. Учурда мен иштетип берем",- дейт Русланбек уулу.


Документтерде "турак-жай катары пайдаланылат" деп жазылган жер Катча Чынгараеванын менчигине карайт. Парктын ичиндеги эки кабаттан турган имарат ага таандык. Бирок көптөн бери эшиги кулпуланган боюнча турат. Биз ээсин издеп таба албадык.

Дилбар Султанова да парктын ичинде жайгашкан 1 сотых (100 м2жерге ээлик кылат. Ал "Шашлычная" деп аталган тамактануучу жай. Кошумча алкоголдук ичимдиктер сатылат. Ошол жерде иштеген бала эч кандай маалымат билбей турганын айтып, бизди мамлекеттик органга кайрылуубузду сунуштады.


"Жеткечи жок азыр бул жерде. Азыр мен ушул жерди карап берем. Жердин ээси Султанова Дилбар болушу мүмкүн. Бирок анын байланыш номери жок". 


Ээси белгисиз катары көрсөтүлүп, бирок жеке менчик катары жазылган жарым сотых (24 м2) жер бар. Учурда ал жерде "Виртуальные vr очки" аталышындагы жаңыдан бүткөн оюн-зоок курулмасы жайгашкан. Аны ким иштетет жана чыныгы жетекчиси ким экенин ачыктай албадык.


Паркты картадан карай турган болсок буга чейин да, ушул убакта дагы жашыл аймак катары көрсөтүлүп турат. Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирлан Өмүралиев башкы планда суунун жээги, Навои паркы жашыл аймак катары белгиленгенин тастыктады.

"Навои паркы жашыл аймак. Бул жер буга чейинки ген пландарда да азыр да жашыл зона боюнча эле көрсөтүлүп келет",- дейт Өмүралиев.

 

Мыйзамда кандай? 

 

Эми ошол жалпы пайдалануудагы жашыл аймактын мыйзамдагы тагдыры кандай көрсөтүлгөнү жер кодексинин 78-беренесинде так даана жазылып турат. Анда калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери жол катнашы катары пайдаланылуучу же болбосо калктын маданий-турмуш-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруучу (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелери, бак-дарактар, газондор, арыктар жана башка сугат тармактары, өткөөлдөр, бульварлар, скверлер, көлмөлөр ж.б.) жерлерден турат. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт.


Парктын ичиндеги белгилүү жерлердин бири шахмат сүйүүчүлөрдүн аянтчасы. Ал жерде оюндар дайыма кызуу өтүп, жада калса көрармандар топтолот. Шахматта өзүнүн эрежелери болот. Мисалы, ат "Г" формасы менен гана жүрө алат. Ал эми "кароль" бир клетка менен каалаган багытта жүрсө болот. Биздин мамлекетте да шахматтагыдай, өзүнүн эрежели бар. Мисалы, жалпы пайдалануудагы жерлер менчикке берилбейт. Бирок жергиликтүү бийликтеги аткаминерлер, ошол эрежелерди каалагандай бузуп, жашыл зонадагы жерлерди менчикке берип жиберген.


Ош шаарындагы жерлерге жооп берген муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Канышай Имарова паркта 12 менчик бар экенин ырастады. Алардын ээлери Жогорку Кеңештин депутаттары, бийликте жүргөндөр адамдар экенин айтты. Бирок документтерде алардын аты жок дейт.


"Ал жерлер бизде аты аталган эле чоң адамдардын менчиги экени айтылып жатат. Бирок фактыга таянсак ал адамдардын атында катталган эмес. Ээлерин сураштырганда Жогорку Кеңештин депутаттары, мурда иштеп кеткен мэриянын кызматкерлери, органдарда иштеген кызматкерлердин эле аты чыгып жатат. Бирок документтерде алардын аты-жөнү жок", - дейт Имарова.


Муниципалдык менчик башкармалыгы 12 жер менчикте дегени менен бизге он гана тизме берди. Ал жерлер мэриянын токтомдору менен кеткен деп жатат. Ага кол коюп, сатканга макулдук бергендер да жат кишилер эмес. Ошол эле Ош шаардык бийлигинде иштеген аткаминерлер болгон.



"Бардыгы мэриянын токтому менен кеткен. Мен сиздерден эч нерсе жашырбайм. Мындай түшүнүңүздөр. Шаар аймагынан жер сатылабы, жеке менчикке өтүп кетеби бир гана Ош шаарынын мэриясынын токтому менен гана чыгат", - дейт Муниципалдык менчик башкармалыгынын  башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев.


Мурзалиев жерлер 2002-жылдан 2013-жылга чейинки аралыкта иштеген адамдар тарабынан чыккан токтомдун негизинде менчиктештирилгенин да ырастады.


"Эми аны робот кылбайт го".


Жергиликтүү бийлик жерлерди кайтарып алуу үчүн 2019-жылга чейин соттошуп, 3-4 жерди карамагына алганбыз деп ишендирүүдө. Ал эми калган жерлерди кайтарып алууга айла-амал таппай калышыптыр. Мэрия жерин тарттырып коюп, эми өздөрүн-өздөрү сотко бере албай кол куушуруп олтурушат.


"Ош шаардык мэриясынын токтомдору менен жеке менчикке өтүп кеткенден кийин биз өзүбүздү өзүбүз сотко бере албайбыз. Себеби биз макул болуп аларга аукцион аркылуу жерлерди сатып жатабыз. Бул маселе боюнча Ош шаарынын прокуратурасына кайрылганбыз. Иш козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен аз эле жер кайтып калды. 3-4 объект кайтты", - дейт Канышай Имарова.


Мэрия он тизме берсе, биз 12 даректи тактаганбыз. Аларда экөөндө жер жөнүндө маалымат жок. Алардын бири ээси белгисиз жарым сотых жер. Бийлик бул жерди 2021-жылы 18-мартта соттон утуп алган. Бирок эки жылдан ашык убакыттан бери өздөрүнө каттаган эмес. Учурда менчикте турат.  

Биз башында убадалаган аттуу-баштуу кишилердин ысымын мына ушул жерде ачыктайбыз. Мэриянын тизмесинде жок экинчи жер "8-сентябрь" ЖЧКсына таандык. Мамлекеттик катоо кызматы 2002-жылы жеке менчик деп каттаган. Кадастрдын Оштогу бөлүмү болсо 2003-жылы фирмага беш жылдык мөөнөткө ижарага берилгенин тастыктаган документ менен бөлүштү. Андан кийинки тагдыры жөнүндө иш кагаздар жок дейт.



"8-сентябрь" кимге таандык?

 

"8-сентябрды" Кыргызстандын Германия жана Финляндиядагы элчиси, мурдагы депутат, саясатчы Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Текебаев Асилбек Чиркешович негиздеген. Жер кантип, кандай жол менен фирманын менчиги болуп калгандыгы тууралуу маалыматтарды таба албадык. Жер тилкеси 8-сентябрь ЖЧКсына катталганда Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган.


Жердин ээси Асилбек Текебаев 2012-жылы каза болуп калган. Учурда парктагы жерди Алмаз Текебаев карай турганы айтылган. Бирок ал бизге толук маалымат бергенден баш тартты.


"Кадастрга барсаңар толук маалымат бар. Менин атым ал жерде жок. Мен ашыкча эч нерсе айта албаймын".


Биз толук кандуу маалымат ала албаган соң Өмүрбек Текебаев менен байланыштык. Маектешүүнүн башында бир топ талаш-тартыш орун алды. Паркта бир тууганынын жери бар экенин ырастап, бирок ал үчүн жооп бербестигин айтты.


"Мен 1990-жылдан бери депутатмын. Ал жер турса туруптурда. Бирөөлөр сотко берсин. Менин иним да тиричилигин кылат. Жерди алып, чоң бир нерсе куруп алса бир жөн. Иштеп-иштебей турган инилеримди мен билем.  Алардын райондордо, айылдарда бир чакан обьектилери бар. Сизди эмне тынчсыздандырып жатат? Мамлекетке, элге бир зыяны тийген жери барбы? Документтери менен таанышып, ошого жараша жараша жооп берейин",- деди Өмүрбек Текебаев.


Экс-депутат эгерде мыйзамсыз алса бир тууганым эмес баламдын жери болсо да кайтарып берүүгө даярмын дейт. Андан кийин аталган жер боюнча бир канча маалыматтар менен бөлүштү. Анда "Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын 1996-жылдын 3-июнундагы №324 токтому менен "8-сентябрь" фирмасына "Навои" паркына кафе курууга жер тилкеси мөөнтсүз жана бекер берилген" деп жазылып турат.


Мында жер тилкеси 1991-жылкы "Жер кодексинин" тартиптерине ылайык жүргүзүлгөн деп жазылган. Бирок ушул мыйзамдын 98-беренесин карасак жалпы пайдалануудагы жерлер уюмдарга, мекемелерге жана жарандарга бекитилип берилбейт деп турат. Убактылуу гана пайдалана алат. Эгер, курулуш түшсө мөөнөтү бүткөндө сүрдүрүлүп салынышы шарт. 


Текебаев дагы бир токтомду жиберди. Аны менен таанышсак жер "8-сентябрь" ЖЧКсына берилсин деп көрсөтүлгөн эмес. Болгону мамлекеттик комиссия жерди каттоого гана алган.


Парктын жеке менчикке өткөн эң чоң бөлүгү "Алыш Азия федерациясы" коомдук бирикмесине караштуу. Бул коомдук бирикменин жетекчиси Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова. Аталган жер 2011-жылы жеке менчикке өткөн. Мамлекеттик каттоо кызматы соттун чечиминин негизинде жерди каттаган.



Ал жылдары Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңештин жаштар саясаты, дене тарбиясы жана спортту өнүктүрүү боюнча комитетинин төрайымы болгон. Анын атында мындан башка дагы бир жер бар. Ал 4,5 сотыхты ээлеген "Палван" ЖЧКсынын карамагындагы жер. Бул жер да Султанбекованын атына катталган. Участок мэриянын токтомунун негизинде 2009-жылы жеке менчикке өткөн. Депутат аталган жерлердин жетекчиси катары көрсөтүлгөнүнө карабастан менин тиешем жок деп жатат. Менчикке болсо маркум жолдошу, парламенттин үч чакырылышынын депутаты болгон Баяман Эркинбаев 2000-жылдары алганын айтууда.


"Мен аны билбейт экенмин. Аны сурай турган адам өлүп калган. Анда мен такыр саясатта да жок болчумун. Үйдө бала төрөп, бала чоңойтуп жүргөн убагым эле. Азыр болсо мен баарын өткөрүп бергенмин",- дейт Султанбекова.


Учурда эки жер тең Баяман Эркинбаев менен Чолпон Султанбекованын туң баласы Адилет Баяман уулунун көзөмөлүндө. "Палван" ЖЧКасына катталган жерди коммерциялык багытта иштетип, ишкерлерге ижарага берет. Ал эми "Алыш Азия федерациясына" караган жерге жакынкы келечекте Баяман Эркинбаев атындагы Кыргыз күрөш борборун курам деп, долбоору менен тааныштырды. Өзүнүн айтымында, шаар бийлигинен дагы кошумча жер сураган.


"Жаңы курула турган имараттын арт тарабына мэрияга караштуу жерлерин дагы сураганбыз. Буга чейинки мэрлер мындай боло турган болсо анда колдойбуз дешкен. Оозеки сүйлөшүлгөн. Таалайбек Сарыбашов, АлмазМамбетов, Бакытбек Жетигеновго жолукканбыз. Колдошкон".


Адилет Баяман уулу жерлерин мыйзамдуу жол менен алганын айтууда. Документтерине көз жүгүртсөк 2006-жылы Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаков 1995-жылы 12-майда чыккан Ош шаарынын өз алдынча башкаруу боюнча №178 токтомуна таянып берген. 

Бирок Оштун мэринин токтомуна чейин эле 1991-жылы республиканын жер кодекси чыккан. Анын 98-беренесинде жалпы пайдалануудагы жер менчикке өткөрүлбөшү керек. Жергиликтүү бийлик бул кодексти аттап өтүп, токтом чыгарып берген. Бүгүнкү күндө Адилет Баяман уулу жерди мамлекетке кайтарып бербейм деп кесе айтты.


"Жер кайтарылып берилбейт. Өзүбүз иштетебиз".


Ал эми калаа башчысы Бакытбек Жетигенов жерлерди кайтарып алуу үчүн болгон күч аракетибизди жумшайбыз деп убадалап жатат. Калган иштер сот аркылуу чечилет деп кыска жооп берди.


"Биз мунун аягына чейин чыгабыз. Канчалык күчүбүз жетсе ошого чейин аракет кыла беребиз".


Эми шаардык мэрия кандай кадамдарга баруу керек? Алардын аракетинен майнап чыгабы деген орчундуу суроо баарынан маанилүү. Эгерде мамлекеттин кызыкчылыгы көздөлсө сотко доо койгонго мыйзам жол берет экен. Бул боюнча юрист Төлөгөн Келдибаев буларды айтты.


"Ушул иликтөөнүн негизинде дагы шаардык прокуратура ошол 12 жеке менчикке берилип кеткен жер участокторунун укуктук документтеринин бардык документтерин көтөрүп чыгып, тарыхын архивдерден алдыртып, кайсынысы мыйзамдуу, кайсынысы мыйзамсыз экенин аныктап туруп, доо коюшу керек. 5-10 жыл мурун мамлекеттик- муниципалдык жерлерге жеңил курулуш курганга уруксат берген да. Же жыйырма жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилген. Ошол жерлерге курулуштар курулуп кетип, мөөнөтү бүтө баштаганда бир жолу жеке менчикке өткөрүп алуу боюнча өздөрүнүн аракетин жүргүзгөн. Ошол убакта мэрлер, вице-мэрлер, тийиштүү жетекчилердин баары өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн документ жасап беришкен. Ал жерде эч кандай коомдук, мамлекеттин кызыкчылыгы болгон эмес. Бардыгы ошол мэр, вице-мэрлер жеке кызыкчылыгы".


Нью-Йоркто Централ Парк болсо, Ошто Навои паркы. Шаардын негизги жашыл аймагы, толгон токой машинанын газына туруштук берген өпкөсү десек болот. Бишкек акыркы үч жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк изилдөөдө алдыңкы саптарды ээледи. Ушул эле абал экинчи борбор аталган Ош шаарында да сакталып турат. Бул көрсөткүч өлкөдө экологиянын абалы кооптуу экенинине  коңгуроо кагууда. Мындай шартта жаратылышты сактап калуу, парктарды, жашыл аймактарды көбөйтүү жеке менчикке өтүп кеткен бөлүктөрүн кайра кайтарып алуу эң негизги талап болууга тийиш.

Автор: Болот кызы Зыягүл

Булак: t-media

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Байыш.
Эң туура. Алуу керек, мамлекетке.