Бугу 04, 2025
Убакыт: 02:19
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Индира Жолдубаева Башкы прокуратурага сурак берди

10.02.2021 21:03
1646
Индира Жолдубаева Башкы прокуратурага сурак берди

Абдил Сегизбаевдин иши боюнча мурдагы Башкы прокурор Индира Жолдубаева Башкы прокуратурага сурак берди. Бул тууралуу Курманкул Зулушев Фейсбук баракчасына жазды.


"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн беш кылмыш иши тергелип жатат, алтынчы да иш бар.


 Ушул иштердин баарына тергөө баа берет. Эч кандай саясий куугунтук менен камап алып, тергеп жаткан жерибиз жок. «Белизгейт» боюнча ошол убакта саясатчылар кордолгонун билесиздер да. Индира Жолдубаеваны да суракка чакырып, сурап жатышат. 


Күнөөсү болсо эч ким жооп бербей калбашы кажет. Ал эми күнөөсү жок болсо саясий ураан менен жоопко тартпашыбыз керек",- деп билдирүү калтырган  Зулушев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн