Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:09
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ысык-Атада мечит катары колдонулуп келген мектеп мамлекетке кайтарылды

20.03.2024 17:28
216
Ысык-Атада мечит катары колдонулуп келген мектеп мамлекетке кайтарылды


Ысык-Ата районунда мечит катары пайдаланылып келген мурдагы мектептин имараты мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, Бирдик айылындагы мектептин баасы 709 чарчы метр жери менен 22 миллион 84 миң сомду түзөт.


"Ысык-Ата райондук прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында Кант райондук администрациясы (азыркы Ысык-Ата райондук администрациясы) жана Бирдик айыл өкмөтүндө иштегендер айылдагы мектептин имараты менен анын жер тилкесин мечит катары пайдалануу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп жибергени аныкталган. Билим берүү мекемесинин имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды", — деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн