Теке 15, 2025
Убакыт: 22:18
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Ысык-Көлдө гидроскутерчен киши 7 жаштагы баланы сүзүп кетти

Ысык-Көлдө гидроскутерчен киши 7 жаштагы баланы сүзүп кетти


Булан-Сөгөттү айылындагы эс алуу борборлорунун биринде гидроскутер менен жүргөн адам жети жаштагы баланы сүзүп кеткен. Окуянын видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов тарабынан жарыяланган.


Күбөлөрдүн айтымында, скутерчен мас болуп, айланадагыларга орой мамиле жасаган. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилген. 


49 жаштагы шектүү ошол айылдын тургуну экени аныкталып, кармалган. 


Буга чейин көлдө скутер колдонууну чектөөлөр сунушталган. Кийин ишкерлердин суранычынан кийин талптар жумшартылып, адамдар топтолгон пляждарда гидроскутер колдонууга тыюу салынган эле.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн