21-22-августта Ысык-Көлдө Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 100 жылдык мааракесине арналган эл аралык форум өтөт. Бул тууралуу Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Түркия, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Азербайжандан делегациялар келет.
Кыргызстандан министрликтердин өкүлдөрү, Кесиптик бирликтер федерациясы, Жогорку Кеңештин депутаттары, кесиптик бирлик кыймылынын ардагерлери, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери жана активисттери катышат.
Форумдун программасына пленардык жыйындар, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Түркиянын кесиптик бирлик уюмдары менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюу иш-чаралары, тематикалык тегерек столдор, тажрыйба алмашуулар өтөт.
Форумдун максаттары жана милдеттери:
- • Билим жана илим тармагындагы эл аралык кесиптик бирлик кызматташтыгын чыңдоо;
- • Билим берүү кызматкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү;
- • Кесиптик өсүү, квалификацияны жогорулатуу жана социалдык коргоо боюнча биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү;
- • 100 жылдык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгаруу жана келечектеги стратегиялык багыттарды аныктоо.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн