Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарак жана ок-дарылар табылды

02.02.2024 18:18
548
Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарак жана ок-дарылар табылды


Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарак жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга жергиликтүү тургундардын бири үйүндө мыйзамсыз курал-жарак сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБге каттоого алынып, ыкчам издөө-иш-аракеттеринин натыйжасында мыйзамсыз курал сактаган жаран 1991-жылы туулган А.Б. экени аныкталган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл райондук сотуннун чечими менен шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзулгөн. Тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталып 16-калибрдеги кош ооз мылтык, ТОЗ-16 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал жана 22 даана 5,6 калибрдеги ок-дарылар табылып, соттук-баллистикалык экспертизага жиберилген. Анын жыйынтыгында куралдар жана ок-дарылар атууга жарактуу экени көрсөтүлгөн.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн