Кулжа 29, 2025
Убакыт: 22:32
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Кадырбеков: Таштанды полигону токтобой түтөп, канчалаган адамдар ууланууда

08.09.2022 11:42
472
Кадырбеков: Таштанды полигону токтобой түтөп, канчалаган адамдар ууланууда

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков парламенттин жыйынында Бишкектеги таштанды полигонунун түтөп жатканына тынчсыздануусун билдирди.


Анын айтымында, Бишкектин түндүк тарабындагы бир нече конуштардын жашоочулары ууланып жатат.


"Ары-бери өткөндө сиздер да көрүп жатсаңыздар керек. Таштанды полигону токтобой түтөп жатат.

Андан Төмөнкү Ала-Арча, Ак-Босого, Дордой 1, 2, Мурас-Ордо, Калыс-Ордо, Теңдик, Ак-Жар, Ак-Бата жана башка конуштардын тургундары дем алып жатат.

Мурдагы мэрдин тушунда жок дегенде түтүн токтогон эле.

Таштанды кайра иштетүүчү завод курулат десе баарыбыз сүйүндүк эле кана завод, акча кайда?",- деди депутат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн