Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кантта 15 жаштагы кызды 16 жаштагы бала зордуктаган деп айыпталууда

20.04.2022 14:13
362
Кантта 15 жаштагы кызды 16 жаштагы бала зордуктаган деп айыпталууда

Кант шаарында 15 жаштагы окуучу кыз кан тамырларын кескени кабарланды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгы бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлайт.


Маалыматка караганда, 18-апрелде Ысык-Ата РИИБине жергиликтүү тургун кайрылган.


"Ал 24-февралда Алтынбек аттуу жаран 15 жаштагы кызы менен мейманканалардын биринде жыныстык катнашка барганын айтып, арыз жазган. Бул факты электрондук журналга катталып, алдын ала текшерүү башталган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө 15 жаштагы кыз суракка алынган. Ал жогоруда аталган бала менен 2021-жылы октябрь айында Телеграм аркылуу таанышып, достошуп жүргөнүн билдирген. 24-февралда саат 13:00дө ал бала кезектеги жолугушуу үчүн кызды мейманканалардын бирине чакырган. Анда кыздын алкоголдук ичимдик ичкенинен пайдаланып, жыныстык катнашка барганы маалым болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан бул ишке шектелип Кант шаарынын 16 жаштагы К.А. аттуу тургуну аныкталды. Ал сурак учурунда жыныстык катнашка кыздын макулдугу менен барганын түшүндүргөн. Учурда окуянын чоо-жайын тактоо боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Экспертизалар да дайындалды", - деп айтылат маалыматта.


Башкармалыктан Ысык-Ата РИИБинин жетекчилиги бул фактыны изилдөөгө басым кылып жатат деген маалыматтарды четке кагышты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн