Теке 27, 2024
Убакыт: 16:38
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Караколдо өлгөн мал союлуп келген касапкана аныкталды

28.11.2023 11:27
253
Караколдо өлгөн мал союлуп келген касапкана аныкталды


Караколдо өлгөн мал союлуп келген касапкана аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мал союлуучу жай тиешелүү уруксат документтери жок, өз билемдик менен ачылып, иш алып барып келген.

“Жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгында, бул мал союучу жай ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбай, мыйзамсыз иш жүргүзүп, өлгөн малды союп келгени аныкталды”, - деп билдиришти ведомстводон.

Белгиленгендей, учурда аталган мал союлуучу жай ишин токтотту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн