Бишкек шаарында 22-августтан баштап Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн айрым тилкелери убактылуу эки тараптуу болот.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Киев көчөсү Эркиндик бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыкта жана Токтогул көчөсү Эркиндик бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейинки аралыкта эки тараптуу болуп уюштурулат.
Бул чечим Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн убактылуу жабылышына байланыштуу жол тыгындарын азайтуу максатында кабыл алынууда.
Мындан тышкары, аталган көчөлөрдүн эки тарабына унаа токтотууга тыюу салган белгилер орнотулат.
Бишкек мэриясы жарандардан жогоруда аталган аймактарда унаа токтотпоону суранат. Эгерде жол белгилерине баш ийбеген учурлар катталса, автоунаалар эвакуатор аркылуу алынып кетет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн