Кыргызстанда 22 критикалык минерал бар. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алишер Курманалиев “Кен казуу тармагы боюнча диалог: инвестиция, ачыктык, өнүгүү” форумунда билдирди.
Анын айтымында, президенттин 2024-жылдын 22-январындагы экономиканы динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү элементтерди казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө жарлыгынын алкагында Кыргызстанда критикалык минералдарды өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгууда.
"Учурда өлкөдө 22 критикалык минерал аныкталды жана бул тизме дагы кеңейтилет", - деп белгиледи министрдин орун басары.
Критикалык минералдардын тизмеси:
Алюминий
Барит
Бериллий
Бор
Ванадий
Вольфрам
Графит
Литий
Жез
Мышьяк
Калай
Сейрек кездешүүчү жер элементтери
Сымап
Коргошун
Күмүш
Сурьма
Титан
Торий
Уран
Флюорит
Цинк
Цирконий
Жаратылыш ресурстары министрлигинин өкүлүнүн пикиринде, критикалык минералдардын тизмесин иштеп чыгуу өлкөдөгү ресурстук коопсуздук, инвестиция тартуу, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ.
Иштелип жаткан стратегия геологиялык чалгындоо иштеринин, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануунун, критикалык минералдарды экономикалык жүгүртүүгө интеграциялоонун артыкчылыктарын аныктайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн