Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:14
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстан менен Түркиянын соода кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды

23.04.2024 16:59
115
Кыргызстан менен Түркиянын соода кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды


Кайсери шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Хасан Коксал менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо жана соода кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды.

Элчи Казакбаев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин баса белгиледи. Ал мындай жолугушуулар эки өлкөнүн ортосундагы бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу аянтчаны түзүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Тараптар ошондой эле туризм, айыл чарба, жеңил өнөр жай сыяктуу тармактарда кызматташуу, соода-өнөр жай палаталары ортосунда тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Түрк тарап кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди активдүү колдоого даяр экенин билдирди.

Руслан Казакбаев Кыргызстанга инвестиция тартуунун артыкчылыктарына токтолуп, түрк тарапты өлкөнүн экономикасына жигердүү инвестициялоого чакырып, мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы аралыкта Кыргызстанга бизнес делегациясын уюштурууну макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн