Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда 5000 сомдук жаңы банкнот жүгүртүүгө чыгарылды

10.05.2024 10:56
384
Кыргызстанда 5000 сомдук жаңы банкнот жүгүртүүгө чыгарылды


Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 10-майдан тартып улуттук валютанын жаңы бешинчи сериядагы 2023-жылдын үлгүсүндөгү номиналы 5000 сом банкнотун жүгүртүүгө чыгарды.

2023-жылдын үлгүсүндөгү 5000 сом банкнотунун алдыңкы бетинде кыргыздын залкар инсаны, актёр жана сүрөтчү С. Чокморовдун портрети, арткы бетинде "Ала-Тоо" кинотеатрынын имараты сакталган. Банкноттун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калган.

5000 сом номиналындагы банкнот жасалма акча жасоодон ишенимдүү коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтер комплексин камтыйт.

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

2023-жылдын үлгүсүндөгү номиналы 5000 сом банкнотунун негизги коргоо элементтери:

1. Суу белгиси: бир канча түстү камтыган портрет жана номинал түрүндөгү электротип.

2. Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо бүтүн тилке (үзгүлтүксүз) болуп чагылдырылат. Анда номинал саны жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби, банкнотту жантайыңкы кароодо ромб фигурасы менен тилкенин кубулуп жатканы көрүнөт.

3. Бири-бирине дал келген сүрөттөлүш: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.

4. Банкнотту кол менен сыдырып көрүүдө анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндө рельефти (одуракайлык) сезүүгө болот.

5. Көмүскө сүрөттөлүш: банкнотту жантайыңкы кароодо көп түстүү сом белгиси – С пайда болот.

6. Түстөрдүн өзгөрүшү: банкнотту жантайыңкы кароодо көлөмдүү шакектер көрүнүп, оюу (орнамент) түсү алтындан жашыл түскө өзгөрөт.

7. Жалтырак тилке (арткы бетинде) банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн