Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:58
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда жарым жылга жумуртканын импортуна тыюу салуу сунушталууда

10.05.2024 13:38
375
Кыргызстанда жарым жылга жумуртканын импортуна тыюу салуу сунушталууда


Өлкөдө жарым жылга жумуртканын импортуна тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга койду.


Мындай чечимди жергиликтүү ишкерлердин кайрылуусунан кийин кабыл алуу каралган. Алар ички муктаждыкты толук камсыздай турганына ынандырышууда. Максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бааны турукташтыруу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо экени айтылган.


"Кыргызстанда ири жана үй-бүлөлүк майда чарбаларда жумуртка өндүрүлөт. Бул сектор өлкөнүн айыл чарбасынын олуттуу үлүшүн түзүп, көптөгөн айыл тургундары үчүн кирешенин маанилүү булагы болуп саналат", — деп жазылган документтин негиздемесинде.


Республикада соңку эки жылда канаттуулар чарбачылыгы кеңейип, жергиликтүү өндүрүш болжол менен эки эсеге өскөнү кошумчаланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн