Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Коңшу мамлекеттер ортосунда чек ара жок болуш керек, - Бакыт Төрөбаев (Видео)

31.03.2021 18:45
1162
Коңшу мамлекеттер ортосунда чек ара жок болуш керек, - Бакыт Төрөбаев (Видео)


Кийин келечекте коңшу мамлекеттер ортосунда чек ара жок болуш керек. Мындай оюн Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Koom pressке берген комментарийинде билдирди.


Анын айтымында, Кыргызстан кошуна өлкөлөр менен достук мамиледе болуп, карым-катнаш, экономикалык алака, элдердин тууган-туушкандарына, той-аштарга баруусу түз жана жеңил шартта болушу зарыл.


Бакыт Төрөбаев суроолорго жооп берип жатып, чек ара маселелери боюнча комиссиянын чечимдерине макул экенин айтты.


“Мен баарын уктум. Өзүңүздөр билгендей, талаштуу жерлерде ок дагы атылчу. Чыр-чатак менен коштолгон курч маселелер болгон. Ошон үчүн бул маселелерди толук чечиш керек. Мен түшүнүп турам, азыркы учурда кыргыз тараптан жер берилди деп атышат, бирок бул маселени кандай болгон күнү да чечип, чекит коюш керек да. Ошондуктан ага туура караш керек. Балким биз колдонбой жүргөн жерлерди берсек, ордуна башка жактан жерлерди алып жатабыз да. Бизге суунун астындагы жерди сактаганыбыз жакшыбы же эл жашап жаткан жерлерди, алардын үйлөрүн сактап калганыбыз жакшыбы, караш керек”, - дейт депутат.


Ал белгилегендей, 30 жылдан бери жерди берип салгандарды “элдин душманы деп айтат” деп коркушчу да баары. Ошондуктан азыр чекит коюлганы эрктүү жана саясий чечим болду. “Мындан ары жер маселелери алмашуу менен гана чечилет деп айтты, бир жерден биз уттук, бул жерден биз утулдук” деген болбош керек.


“Сындап аткандар бул маселенин оордугун сезбеген адамдар деп эсептейм. Комиссияга кирип кайсы жердин үтүрү, чекити кандай экенин билбейм да. Ошондуктан комиссиянын чечимдерине макул болдум”, - деп кошумчалады эл өкүлү. 


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Ким келсе ошонукун мактаган баякы Бакыт