Жетинин айы 14, 2025
Убакыт: 11:19
USD
87.30
87.80
EUR
101.40
102.40
RUB
1.080
1.105

Күн бороону дүйнө жүзү боюнча сааттардын иштөөсүн үзгүлтүккө учуратты

14.11.2025 09:25
25
Күн бороону дүйнө жүзү боюнча сааттардын иштөөсүн үзгүлтүккө учуратты


Акыркы күндөрү Жерде күчтүү күн бороонунун кесепеттери катталып, айрым сааттар болжол менен үч секунддук айырма менен туура эмес убакытты көрсөтө баштады. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ жазды.


Швециянын Күн физикасы илим-изилдөө институтунун маалыматтары боюнча, Күндөн чыккан жарылуу атомдук жана радио аркылуу синхрондоштурулган сааттар көз каранды болгон радио сигналдардын кыска мөөнөттүү үзгүлтүккө учурашына себеп болду.


"Бул Күндүн магнит талаасы менен байланышкан энергетикалык жарылуу. Сигналдардын бузулушуна дал ушул нерсе себеп болду", – деп түшүндүрдү Күн физикасы институтунун астроному Дан Кисельман.


Күн бороондору спутниктерге жана электр тармактарына гана эмес, убакытты так синхрондоштуруу үчүн радио сигналдарды колдонгон күнүмдүк приборлорго да таасир эте алат.


Окумуштуулар Күндүн жогорку активдүүлүгү сакталып калса, мындай үзгүлтүктөр жакынкы күндөрү кайталанышы мүмкүн деп эскертишет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн