Кулжа 19, 2025
Убакыт: 14:13
USD
87.30
87.80
EUR
99.70
100.70
RUB
1.107
1.140

Курулуш министрлиги Ак-Ордодо курулуп жаткан соцобъекттерди көрсөттү

19.06.2025 09:48
17
Курулуш министрлиги Ак-Ордодо курулуп жаткан соцобъекттерди көрсөттү


Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп жана бала бакчанун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, мында 75- окуучуга ылайыкталган мектептин жалпы аянты 6416 чарчы метрге барабар. 3 кабаттуу 4 блоктон турган билим берүү уюму заманбап талаптарга жооп берет,окуучулар, мугалимдер үчүн бардык шарттар толук каралган.


Мындан тышкары, эки кабаттуу эки блоктон турган 280 орундуу жаңы бала бакча курулууда. Имараттын жалпы аянты 1816 чарчы метрди түзөт.


Учурда социалдык объектилердеги курулуш иштеринин 40 пайызы аяктап калды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн